2023-жылдын 1-январына карата Ысык-Көл облусунун паспорту
Ысык-Көл облусу Кыргыз Республикасынын чыгыш жагында жайгашкан. Облус деңиз денгээлинен 1600дөн 7439 м. чейин бийиктикте турат. Облус түндүк жагынан Казакстан, чыгыш жагынан Кытай эл республикасы, түштүк жагынан Нарын, ал эми батыш жагынан Чүй облустары менен чектешет. Аймагы - 43,1 миң. кв. км. түзөт. Калкы 2023-жылдын 1-январына карата туруктуу калктын саны – 501933 адам, алардын ичинен айыл жашоочулары – 352040, шаардын жашоочулары - 149893 адам 2023-жылдын 1-январына карата Ысык-Көл облусунун административдик-территориялык бөлүнүшү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү –Иманбетов Илияз Жеңишович
Каракол шаарынын мэри – Бапаев Чынгыз Арстанбекович Балыкчы шаарынын мэри–Арнабек уулу Азамат Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Насиров Мунарбек Жумаевич Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы –аким - Бахавадинов Эрмек Ибрагимович Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким– Жумадылов Калыбек Аманатович Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы – Адиев Каныбек Маматбекович Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысы –аким- Астанакулов Байышбек Кахрамонович